Хайдарканит - галоиддик кошулмалар тибиндеги фториддер классына таандык сейрек минерал, жез жана алюминийдин татаал оксигалогениди, Cu4A13(0H)14F3-2H20. Майда ичке ийне (бир нече ммге чейин) жана чач сымал кристаллдары радиалдуу нурга жана чачышкан була агрегатына бириккен.

Өңү ачык көк, асмандай көгүш, ачык көгүшжашыл. Тунук же чала тунук. Айнектей жылтырайт. Катуулугу 2,5. Тыгыздыгы 2,84 г/сжК Биринчи жолу Алай кырка тоосундагы Айдаркен (Хайдаркен) кенинде табылган (1998). Хайдарканит - гидротерм кенташ кендеринин (адатта, сурьма жана сымаптын) кычкылдануу зонасында 2ирет пайда болгон минерал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4