Таширов, Хайтахун (1902, азыркы Кара-Суу району, Арча-Мазар кыштагында төрөлгөн.- 1962, Кара-Суу району, Кызыл-Шарк кыштагы.)-колхоз өндүрүшүн уюштуруучулардын бири. Эки жолку Социялистик Эмгектин Баатыры (1951, 1957). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Колхоз уюштурууга активдүү катышкан жана «Кызыл- Шарк» айыл чарба артелине биринчилерден болуп өткөн. 1939-жылы ушул колхоздун председатели болуп шайланган. Анын жетекчилиги менен 1948-ж. колхоздогу 310 га Жердин ар гектарынан 30 ц, 1949-ж. 31 ц, 1950-ж. 43,6 ц пахта жыйналган. Кийинки жылдары ошол эле ирилештирилген колхозду башкарган. 1956-ж. 1030 га аянттын ар гектарынан 34,2 ц, 1957-ж. 1100 га аянттын ар гектарынан 33 цден пахта алган. Ошол жылы Мамлекетке жүн тапшыруу планы 134,3%ке, эт тапшыруу 120,8%ке аткарылган. 1946-62-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. «Кызыл-Шарк» колхозунда жана Кызыл-Шарк кыштагындагы орто мектепке анын ысмы берилген.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры, Беш Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.