Халькантит (гр. chalkos - жез жана anthos - гүл), цианозит - сульфиддер классындагы минерал, CuS04/5H20.

Кошундулары: Fe, Mg, Co. Жашыл көктөн көккө чейинки түстөгүлөрү кездешет, тунук же анча тунук эмес, айнектей же чайырдай жылтырайт. Катуулугу 2,5, тыгыздыгы 2,2-2,3 г/см3, морточо Сууда жакшы эрийт. Кургак климаттуу өлкөлөрдө гиперген шартында жез-сульфиддүү кендердин кычкылдануу зонасында кристалл, кристаллдык кабыкча, каткан масса, сталактит, псевдоморфоз түрүндө пайда болот. Жасалма жол менен алынган Халькантит (жездүү купорос) айыл чарба зыянкечтери менен күрөшүүдө, химиялык, боёк ж. б. өнөр жай тармактарында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4