Хамза Хакимзаде Ниязи (22. 2 (6. 3). 1889, Кокон ш. - 18. 3.1929, Шахимардан кыш., азыркы Фергана обл., Хамза ш.) - өзбек совет акыны, драматург, коомдук ишмер, Өзбек эл акыны (1926).

Өзбек совет адабиятында социалисттик реализмге, өзбек театр өнөрүнө негиз салган. Чыгармалары 1914-жылдан жарыялана баштаган. «Ууланган турмуш» (1916) драмасында байлардын түркөйлүгүн ашкерелеп, элди илим-билим алууга үндөйт. 1915-17-ж. чыккан үч ыр жыйнагы менен өзбек адабиятына жаңы жанрларды, ыргактарды кийирген. 1918-ж. көчмө театр тобун уюштурган. Ал топ үчүн бир нече пьеса, а. и. өзбек адабиятында биринчи жолу өзбек элинин таптык аң-сезиминин ойгонушун көрсөткөн «Бай жана батрак» (1918-ж. коюлган) аттуу белгилүү чыгармасын, «Майсаранын жоруктары» (1926-ж. коюлган) комедиясын, «Паранжы сырлары» (1927) драмасын жазган. «Аңкыган атыр гүл» (1919) ырлар - өзбек тилиндеги пролетардык поэзиянын алгачкы үлгүлөрүнөн. Хамза элдик ырларды жыйнап, иштеп чыккан; элдик музыкалык аспаптарды өркүндөтүү боюнча да иштеген. Чыгармалары кыргыз тилине которулган (Ж. Ашубаев, М. Тойбаев). Ысмы Өзбек мамлекеттик акад. драма театрына, шаарга, мектептерге коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4