Хамидулла Хасанов
Хасанов Хамидулла (19.01.1919 — Ташкент - 22.05.1985) - өзбекстандык таанымал географ жана топонимист окумуштуу. Өзбекстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1980), география илимдеринин доктору (1968), профессор (1970).
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүБорбордук Азия мамлекеттик университетинин геология, топурак таануу жана география факультетин бүтүргөн (1941).
Экинчи дүйнөлүк согушка (1941—46) катышкан.
«Кызыл Өзбекстан» гезитинде адабий кызматкер (1946—47), Өзбек педагогика илим изилдөө институтунда усулчу географ (1948–50) болуп иштеген.
1954-жылдан Ташкент мамлекеттик университетинин география факультетинде доцент, 1968—1970-жылдары факультеттин деканы, 1970-жылдан табигый география кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
Табигый география кафедрасынын профессору, 1983—85-ж. аталган кафедранын башчысы болгон.
Илимий-педагогдук чыгармачылыгы
түзөтүүХ.Хасановдун илимий эмгектери «Орто Азия окумуштууларынын географиялык мурасы», Орто Азия топонимиясы, географиялык тарыхы, географиялык аталыштардын транскрипциясы, терминология, дүйнөлүк табигый география, география илимин окутуу методикасы, илимий эмгектерди которуу сыяктуу өңүттөрдү камтыган.
Хамидулла Хасанов кыргыз элинин чыгаан географы жана картографы, географиялык ачылыштар тарыхынын адиси Садыбакас Өмүрзаковду (1921—2002) жана жызактык кыргыздардан чыккан белгилүү аалым, профессор Сүйүн Караевди (20.3.1925 – 16.05.2018) өзгөчө аздектеп сыйлаган. Алар бири-бирин ырааттуу колдоп турушкан.
Саякаттары
түзөтүүХ.Хасанов көптөгөн өлкөлөрдө (Ооганстан, Индия, Мьянма (Бирма), Жапония, АКШ, Европанын айрым өлкөлөрүндө ж. б.) болгон.
Наамдары. Даражалары
түзөтүүӨзбекстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1980),
геогр. илимдеринин доктору (1968),
профессор (1970).
Эстутум
түзөтүүТашкенттеги көчөлөрдүн жана мектептердин бирине маркум Х.Хасановдун ысымы ыйгарылган.
Х.Хасановдун негизинен өзбекче жана орусча жазылган айрым эмгектери
түзөтүү- Махмуд Кашгари, Ташкент, 1963;
- Географиялык аталыштардын орфографиясы, Ташкент, 1964;
- Географиялык терминдердин сөздүгү, Ташкент, 1964;
- Русско-узбекский и узбекско-русский словарь по географии. 1964.
- Борбордук Азиянын географтары жана саякатчылары, Ташкент, 1964;
- Орто Азиядагы жер-суу аттарынын тарыхынан, Ташкент, 1965;
- Захириддин Мухаммад Бобир, Ташкент, 1966; * Жер тили, Ташкент, 1977;
- Саякатчы аалымдар, Ташкент, 1979;
- Географиялык аталыштардын сыры, Ташкент, 1985.
Ал жана анын доору тууралуу адабият
түзөтүү- “Известия Географического общества Узбекистана”. Хронологический, систематический и алфавитный указатель статей (1-55 тома, 1955-2019 гг.) / Авторысоставители Федорко В.Н., Курбанов Ш.Б. Ответственный редактор Хикматов Ф.Х. – Ташкент, 2019. – 248 с.
Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак: Илимий басылыш (= Труд Махмуда Кашгари Барскани «Дивану лугати т-түрк» — неиссякаемый источник по истории тюркских народов: Научное издание) / Редкол.: К. С. Молдокасымов (төрага), Т. Өмүрбеков, К. С. Молдокасымов. — Бишкек: «Турар» басмасы, 2017. — 376 б., сүрөт, карта. — «Мурас» фонду. [«Тарых жана мурас» түрмөгү]. — «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмеси. — ISBN 978-9967-15-701-9.
- Шохрат Кадыров. Российско-туркестанский исторический словарь. Том 2. Осло, 2004 (Рукопись).