ХАНЗА БЕК – Хакас-Минуса аймагында (Кыргыз жери) орус баскынчыларына каршы кыймылдын уюштуруучусу (1730–50), кыргыз баатыры.
Айрым маалыматтарда Х. б. Июс түздүгүндө туулгандыгы айтылат. Оор салыкка, эзүүгө чыдабай көтөрүлгөн элди жетектеген. Х. б. Ханыс-Тоонун жанында Томскинин аскер башчысы менен жекеме-жеке салгылашка чыгып, анын желкесинен кайыш алган имиш. Ал кол топтоп, орус айыл-дарына, чыңдоолоруна кол сала баштайт. Орустардын көп сандаган аскерлери Х. б. ж-а анын колун чегинүүгө мажбурлаган. Жолдошторунун чыккынчылыгынан улам уктап жаткан Х. б-ти жоо байлап кетет. Аны Томскиге (айрым маалыматтарда Крас-ноярск) алып келишип, темир илмекке кабыргасынан асып өлтүрүшкөн. Хакас фольклорунда Х. б-тин өлүмдү тике карап тосуп алгандыгы, анын баатырдыгы баяндалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003