Хара балырлары (лат. Charophyta) - пигменттеринин тобу жана башка өзгөчөлүгү боюнча жашыл балырлар менен жакындашат. Ошондуктан буларды көпкө чейин жашыл балырларга киргизип келишкен. Сырткы көрүнүшү боюнча жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөргө (кырк муунга) окшош. Бул окшоштук – сырткы гана окшоштук. Себеби Х. б-нын денесинде чыныгы тамыр, сабак, жалбырактар жок. Алар көп клеткалуу талломдордон турат.

Closterium ehrenbergii.

Мүнөздүү белгиси - талломдун сырткы көрүнүшүндө. Анда негизги ок, же «сабак», топтошкон каптал октор, же «жалбыракчалар» жайгашат.

Клетканын чел кабыгы калың, ички катмары целлюлозадан, сырткы катмары каллезадан туруп, анда акиташ топтолот. Цитоплазма чел кабыктын ички катмарына жакын, анда көптөгөн кичинекей диска түрүндөгү пиреноидсиз хроматофорлор жайгашат.

Х. б. вегетативдик жана жынысташуу жолдору менен көбөйүшөт. Вегетативдик көбөйүү сабактан төмөнкү муундарындагы жана ризоиддериндеги түймөчтөрдүн жардамы менен жүрөт, алар жаңы бутактарды пайда кылышат. Айрымдарында «сабактын» төмөнкү бөлүктөрүнөн «бутакчалар» пайда болуп, андан «тамыр-сабактар», ризоиддер чыгып, кийин булардан жаңы бутактар пайда болот.

Жыныстык процесс оогамдык. Жыныстык органдар татаал түзүлүштө. Оогония жана антеридиялар бири бирине жакын аралыктарда жетилишет, эки үйлүү түрлөрү да бар.

Жыныстык органдар жалбырактардын колтуктарында – анын үстүнкү бөлүгүндө оогония, төмөнкү бөлүгүндө антеридия жайгашат.

А

Х. б. көбүнчө тузсуз сууларда, кээде азыраак туздуу сууларда кездешет. Өзгөчө токтоо сууларда көп.

КМШда булардын 51 түрү белгилүү, алардын 35 түрү Борбордук Азияда. Кырг-нды суларында (Ысыккөл, Чоңкөл, Кабланкөл көлдөрүндө; Акбуура, Яссы, Нарын жана башка дарыяларда, Тянь-Шандын, Алайдын сырттарынын саздарында жана башка) көбүнчө хара тукумунун түрлөрү кеңири таркалган.

Бийик тоолуу сууларда (2700 – 4000 м. д. д. б) Х. б. жок.

Харалардын акиташты денесинде топтошу өзгөчө мааниге ээ болуп, аларды ушул күндө көптөгөн өлкөлөрдө (Швецария, Япония) жер семирткичтер катарында кеңири колдонушат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү