Хасанов, Анварбек

Анварбек Хасанович Хасанов (1914-1984) – советтик кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (1962), профессор (1964), теги - казак.

Профессор Анварбек Хасанов. Бишкек (Фрунзе) ш. 1980-ж.

Кыскача өмүр жолуОңдоо

Анварбек Хасановдун түпкү теги казак болгон. 1914-жылы 23-мартта (бул - шарттуу дата; ал кезде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилчү эмес) азыркы Казакстандын Семей облусунун Маршан айылында туулган.

Атасы Касен (Хасан) 1928-ж. Ысык-Көлгө меймандап (башка бир маалыматта – ачарчылык жана сталиндик куугунтук доорунда аргасыздан жер ооп) келип каза болгон.

Анварбек 1934-1938-ж. Бишкектеги (Фрунзедеги) педагогика институтунун тарых факультетинде окуган.

Ал Кыргызстандагы тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган алгачкы окумуштуулардын сабында болгон.

1965-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

1946-1951 ж-а 1962-1982-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Кыргыз Улуттук университетинде) СССР тарыхы кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

Илимий мурасыОңдоо

“19-кылымдагы Кыргызстандын тарыхынан” (1960), “19-кылымдын 50-70-жылдарындагы кыргыздардын Кокон хандыгы жана Россия менен өз ара мамилелери” (1961), “Кокон хандыгынын тушундагы Кыргызстандагы элдик кыймылдар” (1977) деген эмгектери бар.

Ала-Тоодогу жана Ферганадагы кыргыз улуттук боштондук кыймылынын тарыхын иликтөөгө ири салым кошкон.

Бир катар кыргыз тарыхчы илимпоздорун тарбиялаган.

Алардын арасында илимдин 22 кандидаты жана бир катар илим докторлору бар.

А. Хасановдун таалимин алган профессорлор Токторбек Өмүрбеков, Жокен Саркеев, Табылды Мурзабеков, Жаныбек Жакыпбеков жана башка шакирттери элге дурус маалым.

Эмгектеринин тизмесиОңдоо

“19-кылымдагы Кыргызстандын тарыхынан” (1960),

“19-кылымдын 50-70-жылдарындагы кыргыздардын Кокон хандыгы жана Россия менен өз ара мамилелери” (1961),

“Кокон хандыгынын тушундагы Кыргызстандагы элдик кыймылдар” (1977).

Замандаштары А.Хасанов тууралууОңдоо

“Анварбек Хасанов кыргыздын Карамзини болгон”, - деп белгиледи профессор Мидил Жамгырчинов 2011-жылдын 2-сентябрында, КУУнун Чоң жыйындар залында болуп өткөн “Тарыхчы Анварбек Хасанов” аттуу китептин бет ачаар аземинде.

Жыйынга китептин автору Мундузбек Тентимишев, Калмык Республикасынын белгилүү жазуучусу Василий Церенов, Манас университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиев, ошондой эле тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окутуучулары жана студенттери катышты. Аталган иш-чараны КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Бектемир Жумабаев ачып, жыйындын катышуучуларына бүгүнкү иш-чаранын максаты, кыргыз тарых илиминдеги Анварбек Хасановдун ээлеген орду, бет ачаары болуп аткан китептин өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача маалымат бергенден кийин сөз кезегин китептин автору Мундузбек Тентимишевге берди.

Китептин автору Анварбек Хасановдун басып өткөн жолу тууралуу айтып келип, анын кыргыз тарыхчыларынын ичинен алгачкылардан болуп кандидаттык (1942), докторлук (1962) диссертацияларын коргогондугун; 1916-жылда болгон Үркүндү биринчилерден болуп “улуттук боштондук кыймылы” катары мүнөздөгөнүн; өзү казак болсо да, дайыма кыргызга жан тарткандыгын; Курманжан датка тууралуу документалдуу жазма жана фото материалдарды изилдеп, таап, биринчилерден болуп жарыя кылгандыгын белгиледи. “Журналист болуп туруп, тарых жөнүндө жазуу оор экен. Ошондуктан, тарыхчылардан жазуучулар чыкса жакшы болмок”, - деп сөзүн жыйынтыктады Мундузбек Тентимишев.

“Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын профессору, Анварбек Хасановдун шакирти, Мархамат Исабекова окууга өтүп жатканда агайга сынак тапшырганы, андан кийин курстук, дипломдук иштердин жана кандидаттык диссертациянын үстүндө иштегендери тууралуу айтып келип, агайдын гумандуулугу тууралуу “Анвар агай студенттерди көп кыйнабагыла”, - деп бизге көп айтчу деди.

“Анварбек Хасанов – кыргыздын улуттук тарыхын түзүүчүлөрдүн бири. Ал – кыргыздын Карамзини болгон”, - деп белгиледи “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын профессору Мидил Жамгырчинов. Андан ары ал Анварбек агайдын 150дөн ашуун чыныгы тарыхый эмгектерди жазганын, көп учурда сынга алынганын, 30дан ашуун илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдаганын, 30 жылдан ашуун “СССР тарыхы” кафедрасын жетектегенин айтып берди. “Анварбек Хасанов өтө жөнөкөй болчу. Ал биринчи курстун студенти менен кандай сүйлөшсө, академик менен да ошондой сүйлөшчү”, - деп бүтүрдү сөзүн Мидил Жамгырчинов.

“Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын профессору Токторбек Өмүрбеков 1973-1978 жылдары Анвар агайдан сабак алганын, андан кийин аспиранты болгонун айтып, тарых факультетин түптөөдө Анварбек Хасановдун салымы зор экендигин жана китептин жалпыга түшүнүктүү тилде жазылганын белгилеп, китептин авторуна “сиздин калемиңизден жакшы чыгармалар жарала берсин” деген каалоосун айтты. Сөзүнүн аягында ал “Анварбек Хасановдун элеси дайыма биз менен болот” деди.

Манас университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиев жыйында катышып отурган студенттерди жана окутуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, китептин бет ачаары өтө кызыктуу өтүп жаткандыгын белгиледи. “Анвар агайдын китептерин окусаң ырахат аласын. Анткени, анын ар бир айткан сөзү ынанымдуу тарыхый документтер менен тастыкталат. Ал керектүү материалдарды архивдерден эле изилдеп тим болбостон, эл оозунан да жыйначу”, - деп сөзүн аяктады Манас университетинин профессору.

КУУнун кыргыз филологиясы фаукультетинин деканынын орун басары Садык Тиллебаев китептин жазылышын баланын төрөлүшү менен, ал эми бет ачаар аземин жентек той менен салыштырды. Андан ары ал китептин автору менен 5 жыл чогуу окуп, квартирада чогуу жашаганын айтып, Мундузбек Тентимишевдин “Алтын калем” сыйлыгын ээси болгон “дыйкан”, мээнеткеч журналист экендигин, китептин жандуу, элестүү, көркөм жазылганын белгилеп, китепке байсалдуу сапар каалады.

Китепти чыгарууга демөөрчү болгон Калмык Республикасынын белгилүү жазуучусу, Анварбек Хасановдун күйөө баласы Василий Церенов китептин авторуна ыраазычылык билдирди.


Эс тутумОңдоо

Бишкекте ал жашаган үйдүн сырткы дубалына эстелик такта орнотулган.

А.Хасановдун 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын 2014-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлдү. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан келген коноктор катышышты.

Эмгектеринин чакан тизмесиОңдоо

  • Хасанов, Анварбек. Очерки по истории Киргизии. XIX - нач. XX вв. / Составитель: А.А.Церенова; отв. ред. А.Бедельбаев. - 2-е изд., доп. - М.: Научное наследие, 2014. - 272 с. - ISBN 978-5-91452-054-7.
  • Хасанов А.Х. Завоевание Киргизии русским царизмом: Диссертация на соискание ученой степени кандидата исторических наук. - Фрунзе, 1942. - 125 с.
  • Хасанов А.Х. Тезисы к кандидатской диссертации аспиранта по кафедре истории СССР Киргоспединститута А. Хасанова на тему: "Завоевание Киргизии русским царизмом". - Ташкент, 1942 - 5 с.
  • Хасанов А.Х. Токтогулдун эл эркиндиги үчүн болгон көтөрүлүшкө катышы жөнүндө // "Советтик Кыргызстан". - 1949. - № 11. - 44-49-бб.
  • Хасанов А.Х. Взаимоотношения киргизов с Кокандским ханством и Россией в 50-70-е гг. XIX в. - Фрунзе, 1961. - 183 с.
  • Хасанов А.Х. Народные движения в Киргизии в период Кокандского ханства. - М.: Наука, 1977. - 94 с.
  • Хасанов А.Х. Избранные труды. - Бишкек-Москва, 2004. - 256 с.

Ал тууралуу адабиятОңдоо

  • Тентимишов, Мундузбек. Тарыхчы Анварбек Хасанов. - Бишкек, 2011.

Интернеттеги шилтемелерОңдоо