Хатынь – мурдагы Хатынь (БССР, Минск облусу) кыштагындагы архитектура-скульптуралык мемориал комплекс, Белоруссиянын Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) курман болгон калкына тургузулган эстелик (1969-ж. 5-ноябрда ачылган). Архитектуралык композицияга кирген жөнөкөй скульптуралык тулкулар [«Хатынь набаты”, “Кыштак көрүстөнү”, “Хатынь түтүнү”, мемориал плиталуу “Эстелик аянты” жана Өчпөс от, “Багынбас адам” скульптурасы (архитектор Ю. Градов, В. Занкович, Л. Левин, скульптор С. Селиханов, Лениндик сыйлыгы, 1970)] оор драматизмге, баатырдык пафоско каныккан. Азыр Белорус мамлекеттик тарых музейинин филиалы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү