Асад Хафез (6. 10. 1930, Кардаха, Сирия - 10. 6. 2000, Дамаск) - Сириянын президенти (1971жылдан) жана Араб социалдык кайра жаралуу партиясынын (АКСП) Генералдык секретары (1971-2000); Армиянын генералы (1968), коргоо министри (1966-71), премьер-министр (1966-71). Катуу чараларды колдонуу менен Сирияда саясий кырдаалды турукташтырууга жетишкен, Хама шаарындагы мусулмандык козголоңду баскан (1982).

Хафез Асад

Асад Хафез дын жетекчилиги менен Сирия 1970-80-жылдардын ортосуна чейин СССРдин негизги союздашы болуп келген, 1973-ж. Египет менен Израилдин ортосундагы согушта Египетти колдогон, 1982-83-ж. араб жаңжалынан кийин Ливанда өз позициясын бекемдөө үчүн мындагы жарандык согуштарга (1976, 1987, 1990) кийлигишкен. Асад Хафез узак убакыт бою Иракка каршы саясат жүргүзүп келген: 1980-88-ж. Иран-Ирак согушунда Иранга жардам көргөзгөн, «Чөлдөгү бороон» (1991) операциясынын жүрүшүндө сириялык аскерлерди Иракка каршы коалициянын курамына киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1