Хачи: Ит жөнүндө баян
"Хачи: Ит жөнүндө баян" (англ. Hachi: A Dog's Tale, орус. Хатико: Самый верный друг) - 2009-жылы тартылган Британия-Америка тасмасы. Хачико аттуу ээсине абдан берилген акита ити жөнүндөгү баянга негизделген. Тасманын режиссеру Лассе Холстром, ал эми сценарийин жазган Стифен П. Линдси жана Кането Шиндо. Тасмага тартылгандар: Ричард Гир, Жоан Аллен жана Сара Ремер. Тасма 1987-жылы тартылган "Хачико моногатари" (ハチ公物語: Хачико баяны) аттуу япон тасмасынын римейки болуп саналат.
Хачи: Ит жөнүндө баян | |
---|---|
Режиссеру | Лассе Халлстрөм |
Продюсер |
Ричард Гир Билл Жонсон Вики Шигекуни Вонг |
Сценарийи | Стивен Линдси |
Оператору | Рон Фортунато |
Негизинде |
Хачико баяны автору: Канэто Синдо |
Тартылгандар |
Ричард Гир Жоан Аллен Кэри Хироүки Тагава Сара Ремер Жейсон Александер Эрик Авари |
Музыкасы | Ян Анжей Павел Качмарек |
Редактору | Кристина Боден |
Студия |
Hachiko, LLC Grand Army Entertainment, LLC Opperman Viner Chrystyn Entertainment Scion Films Inferno Production |
Жайылтуучу | Stage 6 Films |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 93 мүн. |
Өлкөсү |
АКШ Улуу Британия |
Тили | Англис |
Бюджети | $16 млн |
Киреше | $46.7 млн |
"Хачи: Ит жөнүндө баян" 2009-жылы 13-июнда Сиэтл эл аралык фильм фестивалында бет ачарын өткөргөн жана 8-августта Жапонияда алгачкы көрсөтүүсүн баштаган. "Sony Pictures Entertainment" Америка кинотеатрларында көргөзгөн. Тасма 2010-жылдын 12-мартында "Entertainment Film Distributors" Британияда көргөзгөн. 2009-2010-жылы 25 өлкөгө тараган. Тасма чет жерден 2011-жылдын январына чейин эле $46.7млн киреше алып келген.