ХаТанзаниянын батышында (Кигома аймагында), Танганьика көлүнүн жанында, жашаган эл. Рунди элине жакын.
Саны 1 млн адам (2001).

Тил

Киха тилинде сүйлөшөт. Киха тили банту уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк (90%) — христиандар (протестанттар).
Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалардын жана жаратылыш рухтарынын культтары, анимизм) карманышат.

Коом

Уруу башчысы – жетекчи (вождь) болуп саналат. Ата-бабалардан айырмаланып, кичинекей үй-бүлөлөр басымдуулук кылат. Моногамия христиандашкан калктын арасында пайда болгон. Нике патрилокалдык.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиби — кол менен иштетилген жер чарбасы (сорго, таруу, жүгөрү, кассава, жер жаңгак, буурчак өсүмдүктөр, картошка, буудай). Малчылык. Аңчылык.
Салт боюнча жер жааматтын менчиги болгон, аны иштеткенге чейин менчик ээси болгон. Жайыттар орток.

Тамак-аш

Таруудан жана кассавадан жасалган ботколор. Жашылча татымалдар. Банандан жасалган сыраны аземдерде ичишет.

Кийим

Кийим-кече катары өсүмдүк буласынан жана териден жасалган жамынмалар колдонулат.

Турак жай

Бамбуктан жасалган тик бурчтуу үйлөрдө жашашат жана салттуу турак-жай формасы боюнча бал челегине окшош.

Маданият

Бай фольклор (жомок, макал-лакап, накыл сөздөр) сакталып калган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Greenberg J. H., The languages of Africa, 2 ed. - The Hague: Mouton, 1966.
  • Койтов К. В. Ха // Народы и религии мира. / гл. ред. Тишков В. А. ; редкол.: Артемова О. Ю., Артюнов С. А., Кожанский А. Н.– М. : Большая российская энциклопедия, 2000.
  • Платонов С. К. Исследования. Заметки. / отв. ред. Платонов В. А. - М. : Восточная литература, 1965.