Хевир Төмүр
Хевир Төмүр — белгилүү уйгур жазуучусу жана акыны.
Хевир Төмүр | |
уйгурча: خېۋىر تۆمۈر | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Токсун ооданы, Турпан облусу, Шинжаң |
Өлгөн датасы: |
Ал 1922-жылы Шинжаңдын Турпан облусунун Токсун районунда туулган.
1939-жылы Шинжаң Дарул-Мугалим (Шинжаңдагы билим берүү мекемеси) аяктагандан кийин мугалим болуп иштеген. Анын адабий чыгармачылыгы 1940-жылдары «Бала», «Алданган чолпон», «Тынчтык» аттуу дастандар жана «Жолборс уктап жатты» сыяктуу аңгемелер менен башталган[1]. 1949-жылдан кийин саясий себептерден улам узак убакыт түрмөдө отурган. 1979-жылдан баштап, Уйгур Автоном Районунун тарых материалдары боюнча мекемесинде иштеп, «Молдо Зейдин жөнүндө баян», «Абдукадыр Дамолло жөнүндө баян», «Эрте ойгонгон адам» сыяктуу тарыхый романдарды жазган[2].
Хевир Төмүр 1992-жылдын 29-январында 70 жашында дүйнөдөн кайткан.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Молдо Зейдин жөнүндө баян (тарыхый роман) (1981)
- Эрте ойгонгон адам (тарыхый роман) (1987) — Абдыкалык Уйгур жөнүндө
- Абдукадыр Дамолло жөнүндө баян (тарыхый роман) (1990)
- Таң алдыда (повест) (1995)
- Хевир Төмүр аңгемелеринен тандалмалар (2000) (аңгемелер жыйнагы)
«Молдо Зейдин жөнүндө баян» 1983-жылы кытай тилине (毛拉翟丁外传), 1984-жылы казак тилине (Молла Зайдын қызықтары) которулган. «Эрте ойгонгон адам» 2020-жылы түрк тилине (Erken Uyanan Adam) которулган.
Булактар
түзөтүү- ↑ پولاتغەنىزات غەيۇرانى مەرھۇم يازغۇچى خېۋىر تۆمۈرنىڭ ئومۇمىي ئەسەرلىرى ئۈستىدە مۇلاھىزە. ئۇيغۇر ئاكادېمىيەسى (06.11.2016).
- ↑ تارىم, ئەركىن. خېۋىر تۆمۈرنىڭ «بالدۇر ئويغانغان ئادەم» ناملىق رومانى تۈركچە نەشر قىلىندى (ug), ئەركىن ئاسىيا رادىيوسى (2020.03.12).