Хейденстам Карл Густав Вернер фон

Хейденстам Карл Густав Вернер фон (6-июль 1859, Швеция, Эрбери лени, Ульсхаммер - 20-май 1940, Швеция, Эстергётланд) - швед жазуучусу.

1916

«Эндимион» (1889) романы Жер Ортолук Деңизге арналган. «Зыяратка баруу жана жер кезген жылдар» (1900) ырлар жыйнагында, «Ганс Алиенус» (1892) романында эстетикалык жана индивидуалисттик тенденциялар сезилет. Кийинки «Ырлар» (1895) жыйнагы өз өлкөсүнун баатырдык тарыхына болгон сый-урматты билгизип, Швециянын биринчи акыны катары көрсөтөт. Бул теманы толугу менен андан ары улап, «Карл ХПнин аскерлери» (1897-98), «Ыйык Биргиттанын зыяраты» (1901), «Фолькунгдардын дарагы» (1905-07), «Шведдер жана алардын жол башчылары» (1908-10) аттуу улуттук патриоттук циклдеги романдары бар. 1915-ж. X. «Жаны ырлар» аттуу акыркы, үчүнчу лирикалык ырлар жыйнагын жарыялаган. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1916).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4