Хелимский Евгений Израилович

ХЕЛИМСКИЙ Евгений Израилович (1953-ж. т., Бишкек) – тарых илиминин доктору.

Билими түзөтүү

1975-ж. КМУнубүтүргөн.

Ишмердүүлугу түзөтүү

1980-жылдан Кыргызстан а.ч. ин-тунда окутуучу, Кыргызстан ИАда улук ил. кызматкер болуп иштеген. Эмгектери негизинен Кыргызстандын 20-к-дагы тарыхын изилдөөгө арналган.

Эмгеги түзөтүү

40тан ашык ил. эмгектин, а.и. 1 монографиянын автору. «ХИДАЙАТ-НААМЕ» – Мир Хал ад-Дин Яркендинин фарсы тилинде агриографиялык мүнөздөгү жазган 1730–31-ж. тарыхый чыгармасы. Чыгарма 26 бөлүмдөн турат. Тарыхый окуялардан тышкары анда уламыштар да жазылган. Ошондой эле 17-к-дын аягы – 18-к-дын башындагы Могол мамлекетиндеги саясий окуялар берилген, аларга кыргыздардын катышкандыгы да айтылган. «Х.-н-де» кыргыздар кашкарлыктар менен бирге Жаркентке болгон жортуулга катышкандыгы баяндалат. Кашкарды калмактардын басып алуусунан коргоп калышкан, ушул окуялардан кийин кыргыздар Кашкарда өздөрүнүн саясий таасирин бекемдешкен.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү