Хемилюминесценция
Хемилюминесценция – химиялык реакция энергиясынын эсебинен келип чыгуучу жаркыроо. Ал реакция продуктуларынан чыгат. Х. жекече учуру – биолюминесценция. Ал кээ бир тирүү организмдер органдарынын жаркырашы люциферин деп аталуучу спецификалык заттар абадагы кычкылтек менен ферментативдик окистенишинин натыйжасында дүүлүккөндө пайда болот. Газдарда Х. бош радикалдар жана атомдор катышкан экзотермиялык реакцияларда байкалат. Мисалы, NO + O ® NO2 (электрондук дүүлүгүү). Х. интенсивдүүлүгү реакциянын ылдамдыгына жана Х. чыгышына пропорционалдуу. Х. молекулалар түзүлүшүн, энергиянын, реакция продуктуларына бөлүнүшүн, реакция ылдамдыгын изилдөөгө мүмкүндүк берет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6