Хемоген чөкмөлөрүдеңиз жана көлдөрдүн түбүндө химиялык жол менен пайда болгон чекмө тоо тектер.

Нымдуу климат өкум сүргөн жерлердеги туздуу деңиздерде жана тузсуз көлдөрдө темир, марганец кенташтары, бокеит, фосфорит, пелитоморфтуу акиташ, доломит, яшма ж. б. пайда болот. Кургак климаттуу аймактардагы туздуулугу жогору болгон көлдөрдө түрдүү туз чөгүндүлөрү топтолот. Суусунун туздуулугу 15% ке чейинки көлдөрдө доломит тоо тектери, 1520%түү көлдөрдө гипс, магнезит, целестин, 25%тен жогору галит, силвин, карналлит, полиганит, кианит ж. б. туздар пайда болот. Мындагы туз катмарларынын аянты ондогон юи2ден жүздөгөн кмгге, калындыгы бир нече лден жүздөгөн мге чейин жетет. Кыргызстанда Хемоген чөкмөлөрү бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Алар менен темир (Жетим-Тоо), марганец, акиташ, доломит, туз жана гипс кендери байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4