Хемосинтездик организмдер

Хемосинтездик организмдер - органикалык бирикмелерди хемосинтездин негизинде иштеп чыгуучу автотрофтуу организмдер.

Ага күкүрттүү бактериялар (океандын рифт зоналарындагы организмдер үчүн азык болгон заттарды алуу үчүн күкүрттүү суутекти кычкылдандырат), нитрификациялоочу бактериялар (аммиакты нитрит жана нитраттарга айландырат), темир-бактериялары, суутек бактериялары ж. б. кирет. Бул организмдер тобу биосферадагы химиялык элементтердин биогеохимиялык айланышында өзгөчө мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4