Герман Мелвилл

Херман Мелвилл‎»‎ барагынан багытталды)

Герман Мелвилл (англ. Herman Melville; 1819-жыл 1-август — 1891-жыл 28-сентябрь) — америкалык роман жана аңгеме жазуучу, Америка Кайра жаралуу мезгилинин акыны болгон. Анын мыкты чыгармаларынынын арасында Полинезияда баштан өткөргөн романтикалык жашоосу туурасында жазылган "Тайпи" (анг. Typee, 1846) жана кит туурасындагы "Моби-Дик" (анг. Moby-Dick, 1851) бар. Анын эмгектери өмүрүнүн акыркы отуз жылында дээрлик унутулуп калган. Ал катардагы деңизчи катары деңизде баштан өткөргөн окуясы, адабият жана философия темаларын изилдөө жана тездик менен өзгөргөн америка коомундагы карама-каршылыктар тууралуу жазган. Ал татаал, барокко стилин иштеп чыккан: лексикасы бай жана оригиналдуу болуп, татаал сүйлөмдөрдү күчтүү ыргактар жаап кеткен; сүрөттөө көбүнесе сырдуу жана тамашалуу болуп, шилтемелердин молдугу Ыйык жазмага, мифке, философияга, адабиятка жана көркөм-өнөр эмгектерине чейин барат.

Герман Мелвилл.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Мелвилл Нью-Йорк шаарында кургак өндүрүштөрдү саткан француз соодагердин үчүнчү баласы болуп дүйнөгө келген. Анын расмий билим алуусу атасы кокустан 1832-жылы каза таап, үй-бүлөсү каржылык жактан кыйынчылыкка кептелгенден кийин токтоп калган. Мелвилл аз бир убакытча мектепте мугалим болуп иштеп калган, андан кийин 1839-жылы ал соодагерлердин кемесинде жалпы деңизчи болуп жолго чыккан. 1840-жылы ал өзүнүн алгачкы кит аңчылыгына чыккан саякатында кит улоочу Acushnet кемеси менен келишимге кол коюп, бирок Маркиз аралдарына жеткенде кемеден секирип кеткен. Андан кийинки окуяларды баштан өткөргөн соң ал 1844-жылы Бостонго кайтып келген. Анын полинезиялыктардын арасындагы аябай романтикалуу жашоосу жөнүндөгү биринчи китеби "Тайпи" ушунчалык бестселлер болуп кеткенден кийин ал анын уландысы болгон "Омуну" (анг. Omoo, 1847) жазган. Бул ийгиликтер аны белгилүү Бостон үй-бүлөсүндөгү Элизабет Шоу менен баш кошууга үндөгөнү менен, бирок ал аны кармап калууда кыйналган. Анын өзүнүн тажрыйбасына негизделбеген биринчи романы "Марди" (анг. Mardi, 1849) — бул философиялык аллегорияга айланган деңиз баяндоосу, бирок ал жакшы кабыл алынган эмес. Соодагер кемесиндеги жашоо тууралуу "Кызыл чок" (анг. Redburn, 1849) аңгемеси менен 1850-жылдагы согуш кишисинин кемедеги катаал жашоосун "Ак жекетте" (анг. White-Jacket) ачып бергени жылуу сын-пикирлерди пайда кылганы менен каржылык коопсуздугун бекемдей алган эмес.

 
Моби-Дик (1902).

1850-жылы августта Мелвилл өз үй-бүлөсүн Питсфилдге (Массачусетс) жакын жайгашкан Эрроухед фермасына алып барган. Ал жерде Натаниэл Хауторн менен аз болсо да саз достук курууга үлгүрүп, ага өзүнүн "Моби-Дик" чыгармасын арнаган. "Моби-Дик" да коммерциялык жактан ийгилик жарата албай, жарык көргөндөн кийин бир беткей сын-пикирге ээ боло алган эмес. Мелвиллдин популярдуу жазуучу катары карьерасы Пиерр (анг. Pierre, 1852) чыгармасынын жылуу кабыл алынышы менен аяктаган. Чыгармасында ал адабий сахнанын жарым-жартылай сатиралык портретин берген. Анын "Израил Поттер" (анг. Israel Potter) революциялык согуш романы 1855-жылы пайда болгон. 1853-жылдан 1856-чейин Мелвилл журналдарда кыскача көркөм аңгемелерди жарыкка чыгарып турган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү "Катчы Бэртлби" (анг. Bartleby, the Scrivener, 1853), "Энкантадас" (анг. The Encantadas, 1854) жана "Бенито Серено" (анг. Benito Cereno, 1855) болуп саналат. Ушул жана дагы башка үч аңгемеси 1856-жылдагы "Пиацца жомокторуна" жыйнак болуп чыккан. Ал 1857-жылы Англияга саякат кылып, Хауторн менен 1852-жылдан бери биринчи жолу жолуккан. Андан кийин ал Жакынкы Чыгышка жөнөп кеткен. "Ишеничтүү киши" (анг. The Confidence-Man, 1857) анын көзү тирүү кезинде жарык көргөн акыркы проза эмгеги болуп калган. Ал Бажы кызматкери болуп иштеш үчүн Нью-Йоркко көчүп барган жана ошол жерде акындыкка ооп кеткен. "Салгылаш бөлүктөрү" (анг. Battle-Pieces) жана "Согуштун аспекттери" (анг. Aspects of the War, 1866) чыгармалары анын Жарандык согуштагы адеп-ахлак маселелерине карата мамилесин чагылдырган. 1867-жылы анын тун баласы, Малколм, үйүндө өзүнө-өзү ок чыгарып көз жумган. "Кларел: Ыйык жерлерге ыр жана ажылык" (анг. Clarel: A Poem and Pilgrimage in the Holy Land) аттуу метафизикалык эпикалык чыгармасы 1876-жылы пайда болгон. 1886-жылы экинчи уулу, Станвикс, көз жумуп, Мелвилл ардактуу эс алууга чыккан. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал өз алдынча эки томдук поэзия жазып чыгарган, бир томун басып чыгарбай калтырып, деңиз прозасына кайтып барган: "Билли Бадд" (анг. Billy Budd) новелласы көзү өтүп кеткенче басылбай, 1924-жылы басылып чыгарылган.

1891-жылы жүрөк-кан тамыр оорусунан Мелвиллдин кайтыш болушу анын эмгектерине болгон кызыгууну кайрадан жараткан. 1919-жылы анын туулганына жүз жыл толуп, бул "Мелвиллдин кайра жаралышынын" баштапкы чекити болуп калган. Сынчылар анын эмгектерин ачып чыгып, окумуштуулар анын өмүрүн изилдешип, анын негизги романдары менен аңгемелери дүйнөлүк классикага айланып, анын поэзиясы акырындык менен өзүнө урмат-сыйды тарта алган.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү