Хетт-лувий тилдери же анатолия тилдери - индоевропа уясындагы өлүү тил тобу.

Анда б. з. ч. 2 жана 1миң жылдыкта Кичи Азияны жана ага чектеш райондорду мекендеген калктар сүйлөгөн. Хетт-лувий тилдеринин инди-европа тилдеринен алган орду тактала элек. Бирок батыш ареалга тийиштүү тилдер экени айкын. Хетт-лувий тилдери лувий жана хетт тилдери деп эки топчого ажырайт.

Лувий топчосуна шынаа жазмалуу (б. з. ч. 14-12-к.), иероглифтүү лувий (дагы бир аты - иероглифтүү хетт; б. з. ч. 16-8-к.), шарттуу аталган А жана Б ликий (б. з. ч. 7-4-к.), писидий (2-кылым) тилдери да кирет. Палай тили (б. з. ч. 14-12-к.) арабөк абалда болушу мүмкүн. Сидет тили (б. з. ч. 5-3-к.) да кайсы топчодон экени белгисиз.

Хетт тилинин өзү б. з. ч. 18-12-кылымдарга тиешелүү тексттерден белгилүү. Кийинки тилдерден ага лидий (б. з. ч. 7-4-кылымдар) жана карий (б. з. ч. 8-4-к.) тилдери жакын. Хетт-лувий тилдеринии маалыматтары салыштырма-тарыхый тил илими үчүн маанилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9