Хиазма
Хиазма — мейоздун диплотена (кош жиптүү) стадиясы, гомологдордун өз ара түртүшүүсү жана хиазмалардын пайда болуусу менен башталат. Мында хромосомалардын андан - ары спиралдануусу жана ядрочолордун санынын азайышы жүрөт. Хромосомалардын бошошу белоктун жана РНКнын активдүү синтезделүү процесстери менен коштолот. Диакинез (кош жиптердин обочолонуусу) стадиясы үчүн Х-лардын санынын азайышы жана биваленттердин олуттуу тыгыздуулугу мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4