Хива - Өзбекстандын батыш бөлүгүндөгү шаар.

Хорезм областында. Калкы 60 миң (2010). Пахта тазалоочу, кийим тигүүчү, килем комбинаты ж. б. о. ж. ишканалары иштейт. Карапачылык (негизинен кумура, идиш-аяк) өнүккөн. Б. з. башында негизделген. 16-кылымдын аягы - 1920-ж. чейин Хива хандыгынын, 1920-24-ж. Хорезм элдик советтик республиканын борбору болгон. Арх-ралык тарыхый-маданий эстеликтер, мечиттер, Куня-Арк чеби, Ичан-Кала арх-лык коругу (ТашХаули сарайы ж. б. Буткүл дүйнөлук мурастын тизжесине киргизилген), Динаш-Кала рабады (бардыгы 19-20-кылымдын башына таандык) ж. б. сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4