Хижра (араб. - көчүү, кетүү) - Мухаммед 622-ж. Меккеден Мединага көчкөн жыл.

Ушул жылдан баштап ай календарына негизделген мусулман жыл санагы башталган. 2014-ж. Хижранын 1435-ж. туура келет. Хижра Жыл санагында 12 ай бар: Мухаррам, Сафар, Раби аль-авваль, Рабиас-сани, Джумада аль-уля, Джумада ас-сани, Ражап, Шаабан, Рамазан, Шаввал, Зуль-када, Зуль-хижжа.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8