Хизб ут-Тахрир аль-Ислам (ар. «Ислам боштондук партиясы») - панисламизм багытындагы диний уюм; ислам саясий партиясы.

Хизб ут-Тахрир туусу.

1953-ж. Чыгыш Иерусалимде Такиуддин ан-Набхан негиздеген. Орто Азия, Германия жана Россия мамлекеттери Хизб ут-Тахрир аль-Исламды террористтик уюм деп эсептеп, Россия аймактарында анын ишине тыюу салынган. АКШ бүгүнкү күнгө чейин Хизб ут-Тахрир аль-Исламды терроризмди колдогондордун катарына кошпойт. 1977-ж. Такиуддин ан-Набхан өлгөн соң, бул уюмду палестиналык Абдул Кадим Заллум, 2003-жылдан Ата Абу Рашта жетектейт. Уюмдун максаты - ислам мамлекетин (халифат) түзүп, ислам шариятындагы акыйкат жашоону калыптандыруу. Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада (Египет, Сирия, Марокко, Тунис, Судан, БАЭ, Йемен, Кувейт, Палестина, Иордания, Ливан, Ирак, Түркия), Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда (Бангладеш, Пакистан, Малайзия, Индонезия) жана Австралияда уюмдун филиалдары, 1995-жылдан Өзбекстанда, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин (Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Украина, Беларуссия жана Россия) аймактарында уюмдун топтору активдүү иш жүргүзгөндүгү белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4