Химиялык кинетика, химиялык реакциялар кинетикасы — физ-хим- кубулуштар жүрүү механизми менен ылдамдыгы ортосундагы закон ченемдүүлүгүн окуутучу жана изилдөөчү тармагы. Химиялык реакция ылдамдыгы боюнча биринчи системалуу изилдөөлөрдү 19-к-д 70- ж. Н. А. Меншуткин жүргүзгөн. 1884-ж. Я. Вант-Гоффт моноби-, жана ири мол-лык реакциялар кинетикалык закон ченемдүүлүктөрүнүн жалпы формулировкасын берген. Химиялык кинетика өнүгүшүнө, 1889-ж. С. А. Аррениус жөнөкөй реакциялар ылдамдыгынын температурага болгон көз карандылыгын жана химиялык реакциядагы активдүү молекулалар ролун аныкташы чоң түрткү берген. 1899-ж. М. Боденштейн Вант-Гоффт жана Аррениус түшүнүктөрүн газ фазасында жүргөн элементардык реакциялар үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн. Статистикалык физ. жана кванттык механиканы колдонуу менен Х. к. теорияларын өрчүшүнүн негизинде 20-к. 30- ж. Г.Эйринг менен М. Поляни активдүү комплекс теориясын түзүшкөн. 19-к акырында жана 20-к башында татаал реакцияларды изилдөөгө көп көңүл бурулган. Бах-Энглер окистенүүнүн өтө кычкылдык теориясы (1897-ж), Лютер-Шилов окистенүүнүн жалгашкан процесстери ж-дөгү окуусу (1903-ж), татаал реакциялар кинетикасында аралык заттар мааниси аныкталган. Аралык заттар изилденишине жөнөкөй (М. Боденштейн, 1913-ж) жана тармакташкан чынжырлуу (Н. Н. Семенов, С. Хиншельвуд, 20-ж.) реакциялар ачылышы себеп болгон. Аралык заттар реакцияга өтө жөндөмдүү болгон активдүү бөлүкчөлөр — эркин атом жана радикал экендиги аныкталган. Химиялык реакция ылдамдыгы баштапкы, аралык заттар же реакция продуктуларынын убакыт ичинде өзгөрүшү менен аныкталат. Бул заттар концентрацияларынын убакытка болгон көз карандылыгы кинетикалык деп аталган ийри сызыктарды түзөт. Бул ийри сызыктар реакциянын ылдамдыгын мүнөздөйт. Кинетикалык ийри сызыктарга математиканын атайын ыкмаларын колдонуу менен реакция кинетикалык параметрлерин — ылдамдык константасын, реакция катарын, активдештирүү энергиясын аныктоого болот. Көпчүлүк учурда активдүү бөлүкчөлөр катышкан элементардык реакциялар ылдамдыгы өз алдынча өлчөнөт. Активдүү бөлүкчөлөрдү элементардык разряд, фотохимия же термиялык ыкмалар менен алууга болот. Активдүү бөлүкчөлөр концентрациясы алардын башка молекулалар менен болгон аракеттенишүүсүнөн пайда болгон продуктулар топтолушу боюнча абсорбциялык спектроскопия, ЭПР, масспектрометрия жана башка методду колдонуунун негизинде аныктоого болот. Химиялык реакциянын ылдамдыгы температурага көз каранды. Темп-ра жогорулаганда би-мол-луу реакциялар ылдамдыгы константасы көбөйөт. Жөнөкөй кагышуу теориясы боюнча элементардык химиялык реакция ылдамдыгы активдүү молекулалар кагылышуу саны менен аныкталат. Бул теориянын негизинде аныкталган реакция ылдамдыгы мааниси жогору болот, ошондуктан кинетикалык тендемеге эмпирикалык стерикалык көбөйтүндү киргизилет. Активдүү комплекс теориясы стерикалык көбөйтүндүнү теориялык эсептөөгө мүмкүндүк берет. Узак убакытка чейин фундаменталдык иш болуп келген X. к. азыркы учурда практикада кенири колдонулууда. Ракета кыймылдаткычында жүргөн процесстер изилдөөдө колдонулган күйүү жана жарылуу, жалындын таркалуу, детонация теориялары иштелип чыккан. Газ фазасындагы реакциялар кинетикасын изилдөө химиялык лазерди жасоого жол ачкан. Газ фазасындагы реакциялар кннетикасын изилдөө жер атм-расынын хим-сында чоң мааниге ээ. Конденсацияланган фазадагы реакциялар кинетикасын изилдөөнүн негизинде, кычкылтектүү заттар алуунун технол. процесстеринин негизи болгон, орг. бирикмелердин суюк фазалык окистенүү теориясы түзүлгөн. Пиролиз, полимеризация, катализдик процесстер, катуу зат бетинде жана көлөмүндө жүргөн реакцияларды изилдөөдө кинетикалык методдор кеңири колдонулат. Реакция кинетикалык параметрлерин билүү белгилүү технол. процессти өркүндөтүүгө жана жаңы технологиялык процессти иштеп чыгууга мүм-күндүк берет, ошондой эле химиялык процессти автоматикалык башкаруу үчүн негиз түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү