Хирохито, император Сёва (29. 4. 1901, Токио, Аояма сарайы - 7. 1. 1989, ошол эле жерде) - Япониянын 124-императору (1926), Генералиссимус, Британиянын ардактуу генералы (1921).

Хирохито.

Император Ёсихитонун уулу. Аскердик жогорку билимге ээ болгон соң, Европа өлкөлөрүнө барган. 1921-жылдан Япониянын регенти. Башкаруунун алгачкы жылдары император катары аскер системасын чыңдап, 1926-45-ж. өлкөнүн саясий турмушуна толук көзөмөл жүргүзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин япон коомуна аскердик тартип киргизип, «Азианын Гитлери» аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4