Хирургиялык операция (амалият) (латын тилинен operatio — иш, кыймыл) — дарылоонун бир түрү.
«Дары жардам бере албаган учурда бычак жардам берет» — деген байыркы рим врачтарынын макалы бар. Ошого карабастан бир нече кылымдар бою хирургиялык операция өмүргө өтө коркунуч туудурган, ошол себептүү хирургия жакшы өнүкпөй, татаал операциялар жасалбай келген. Операция жасаган жердин катуу оорушу жана жарааттын микроб менен булганып, кабылдоолорго алып келиши хирургиялык операциянын өнүгүүсүнө тоскоол кылган. Операция учурундагы жан кейиткен ооруу шокко алып келгендиктен хирургдар операцияны тез бүтүрүүгө мажбур болушкан. Кыска мөөнөттө жасалган хирургиялык операциянын натыйжасы бир топ төмөндөгөн, мисалы, чурку кысылып калганда жасалган хирургиялык операция кысылып калган жерди кесүү менен гана чектелип, андан кийин чурку мурдагыдан да чоңоюп кеткен. Хирургиялык операциянын өнүгүүсүнө наркоз жана башкалар оорутпоонун башка түрлөрүнүн пайда болушу түрткү болду. Ошонун натыйжасында узакка созулган операциялар жасалып, катуу жабыркатуучу ооруларга жакшы жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Асептика, антисептиканы колдонуу жараатты микробдордон сактап, хирургиялык операцияны андан ары өнүктүрүп, эң татаал органдарга (мисалы, ич көңдөйүнө) операция жасоого жол ачкан. Жаңы дарылардын (антибиотиктер, нерв системасына таасир этүүчү дарылар) жана медициналык техниканын операция убагында жана андан кийин организмдин тиричилик функциясын кармап туруу ыкмаларын (кан жана канга аралжы суюктук куюу, дем алууну жөнгө салып туруу, жасалма кан айландыруу жана башкалар) иштеп чыгуу хирургиялык операция коопсуздугун камсыз кылат. Медициналык өнөр жайдын, анестезиология, реаниматология жана операция техникасынын жетишкендиктери дененин бардык органына операция жасоого мүмкүндүк берди. Мурда операция жасоого мүмкүн эмес жерлерге, мисалы, жүрөк клапанын алмаштыруу, жасалма кан тамырды жалгоо, жүрөк, боор, бөйрөктү алмаштыруу сыяктуу татаал операциялар жасалып жатат.
Хирургиялык операция жасай турган хирург ооруну так аныктап, туура диагноз коюуга милдеттүү. Ал эми оорулуунун ага толук ишенүүсү жана кайраттуулугу хирургиялык операциянын ийгиликтүү болушуна шарт түзөт. Операция ноокастын, ал эми жаш балдарга ата-энесинин макулдугунан кийин жасалат. Кээде оорулуу эс-учу жок жатса же тууганы болбосо анда врачтардын кеңешинен кийин гана операция жасалат. Оорулуунун абалы өтө начар учурда жасалган хирургиялык операция ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн. Ошол себептүү операция алдында атайын даярдыктар көрүлөт. Айрым убактарда андай даярдыктарды көрүүгө убакыт жок болуп (кан агууда, ичегинин буралышы, дем алуу кыйындап аба жетпей калганда жана башкалар), адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн тезинен (шашылыш) хирургиялык операция жасоого туура келет. Хирургиялык операциянын ийгилиги негизинен оорулуунун врачка эрте жана өз убагында кайрылуусуна жараша болот. Хирургиялык операциянын көпчүлүгү кан чыгарып, башкача айтканда терини жана башкалар тканды кесүү менен жасалат. Кан чыгарбай жасалган хирургиялык операция да бар. Мисалы, сөөктүн муундан чыгышында, сыныкта сөөктү түздөө, ордуна салуу, бут деформациясын түздөө оорутпоо ыкмасы жетишерлик колдонуп жасалган операция оорулуу үчүн коркунучсуз. Себеби микроб түшө турган жарааты жок. Акушерликте төрөт убагында кан чыгарбай жасалуучу операцияда (баланы оңдоо, кыпчуур салуу) инфекция козгогучу кирип, кабылдоосу мүмкүн. Операция жасоо үчүн хирург атайын даярдыктан өтүшү талап кылынат.

Хирургиялык операция

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8