Хлорелла (лат. Chlorella) - микроскоптук кичинекей, бир клеткалуу жашыл балыр. Курамында көптөгөн белокту, майды, витаминдерди кармайт. Клеткалары шар же эллипс түрүндө, жылма чел кабык менен капталып, чөйчөкчө түрүндөгү храмотофорлуу, ядросу бирөө. Көбөйүүсү афтоспоралар аркылуу өтө тездикте жүрөт. Тузсуз жана деңиз сууларында, нымдуу топуракта өсөт. Культурага тез көнүп, тоютка, тамак-ашка, дары-дармекке, булганыч сууларды тазалоого, космостук учууларда жана деңиз алдындагы кемелердеги абаны тазалоого колдонулат.

Chlorella sp.

Колдонулган адабияттар түзөтүү