Хлороз
Хлороз - жалбырактардын вирус илдетинен же темир жетишпегендиктен саргарып кетиши. Өсүмдүктөрдүн Х-зу темир, цинк, магний жана башка элементтердин жетишпегендигинен вирустардын, козу карындардын жана башка микроорганизмдердин таасири менен жагымсыз шартта өсүмдүктүн жалбырактарында хлорофиллдин синтезинин бузулушу, фотосинтездин начарлашында болот. Илдеттүү өсүмдүктүн жалбырагы эрте саргайып, түшөт, жалбырагы майда болуп, өркүндүн учу, жаш тамыр куурайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4