Холдинг (англ. holding - ээлөөчү), холдинг компаниясы - коммерциялык уюм; акционердик компания; б. а. өз капиталынын таасирине таянып, башка ишканалар менен компанияларды башкарып, контролдоп туруучу корпорация же компания. Чет элдик практикада Холдинг компаниясы ага катышкан ишканалар менен фирмалардын салган акциясынын негизги бөлүгүн (50%тен ашыгын) ээлеп турат.

Бирок, Холдинг компаниялары өндүрүш ишкердигине тикелей катышып, ээлик кыла албайт. Холдинг компанияларынын негизги функциясын ага катышкан компаниялардын контролдук акциясын ээлеп турган ири компаниялар менен банктар аткарат. Алгачкы Холдинг компаниялары биринчи жолу АКШда ага катышкан компаниялардын акчалай капиталын жана акцияларын борбордошуп топтоо максатында пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4