Холера мезгилиндеги махабат
Холера мезгилиндеги махабат (испанча: El amor en los tiempos del cólera, англ. Love in the Time of Cholera) - 1985-жылы Испанияда жарыкка чыккан[1] колумбиялык жазуучу Габриел Гарсиа Маркестин романы.
Холера мезгилиндеги махабат | |
---|---|
Жазуучу | Габриел Гарсиа Маркес |
Нукура аталышы | El amor en los tiempos del cólera |
Которгон | Эркин Мамбеторозо, Аскар Курман, Ысрайыл Мамажан, Казыбек Казыбек |
Өлкөсү | Колумбия |
Тили | испан тили |
Басмакана | Oveja Negra |
Чыккан жылы | 1985 |
Кыргызча чыккан жылы | 2013 |
ISBN | 9787537413695 |
Алфред А. Кнопф басмасы китептин англис тилиндеги котормосун 1988-жылы басып чыгарды, ал эми 2007-жылы англис тилиндеги тасма адаптациясы экранга чыкты. Кызыл-Суу кыргыз басмасы китептин кыргыз тилиндеги котормосун 2013 басып чыгарды[2]. Бул которуу Эркин Мамбеторозо, Аскар Курман, Ысрайыл Мамажан жана Казыбек Казыбек тарапдан которгон.
Тасма адаптациясы
түзөтүүСтон Убилаж Пиктурес тасманы 3 миллион долларга сатып алып, тасманын жетекчиси катары Майк Нүэллди, сценарист Рональд Харвудду тандады. Тасма 2006-жылынын сентябрында, Колумбиядагы Картахна шаарында тартылып баштаган[3].
2007-жылынын 16-ноябрында, эң кооз шаарда тартылган, 50 миллиондук чет өлкөлүк тасма New Line Cinema компаниясы аркылуу экранга чыкты. Гарсиа Маркес, өзүнүн демилгеси боюнча, коңшулаш Барранкилья шаарынан болгон Шакира менен тасмага эки ыр жазуусун макулдашты.
Каармандары
түзөтүү- Фермина Даза – Флорентино Аризанын сүйүүсүнүн объектиси жана доктор Урбинонун жубайы, өтө кооз жана акылдуу айым.
- Флорентино Ариза – Фермина Дазага ашык болгон ишкер.
- Доктор Хувенал Урбино – өтө урмат-сыйлуу, бай дарыгер жана Фермина Дазанын күйөөсү.
- Лоренсо Даза – Фермина Дазанын атасы, жүк ташуучу; ал Флорентинону жек көрүп, Фермина менен жолугушуусуна тыюу салган. Кийинчерээк анын байлыгын мыйзамсыз иштер менен топтогону белгилүү болот.
- Жеремия де Сент-Амур – китептин башында өз жанын кыйган адам; фотограф жана шахматчы.
- Теӊеси Эсколастика – Флорентино менен Фермина ортосундагы каттарды жеткирип, алардын алгачкы махабатына жардам берүүгө аракет кылган аял. Бул иши үчүн Лоренсо Даза аны үйдөн кууп жиберген.
- Транзито Ариза – Флорентинонун энеси.
- Хилдебранда Санчес – Ферминанын тууганы.
- Мисс Барбара Линч – Урбинонун көп жылдык үй-бүлөлүк турмушунда жалгыз жолу болгон мамилеси жөнүндө мойнуна алган аял.
- Леона Кассиани – Флорентино кийин жетектеген R.C.C. компаниясында алгач Л. XII тайкесинин "жеке жардамчысы" катары ишин баштаган. Бир учурда экөө бири-бирине терең урмат жана, мүмкүн, сүйүү сезимин билдиришет, бирок эч качан чогуу боло алышпайт. Анын Флорентиного карата энелик сүйүүсү анын көчөдөн куткарып, жумуш берген "кайрымдуулугунан" улам пайда болгон.
- Диего Самаритано – Фермина менен Флорентино китептин аягында түшкөн дарыя кайыгынын капитаны.
- Америка Викунья – 14 жаштагы кыз, китептин акырында окуу үчүн карыларып калган Флорентинонун камкордугуна жиберилет; ал мектепте окуп жүргөндө анын камкорчусу болот.
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ 1985, Колумбия, испан тилинде Oveja Negra, 1985, каттуу ISBN 958-06-0000-7, жана кагаз ISBN 958-06-0001-5 (биринчи басылышы)
- ↑ Холера мезгилиндеги махабат, Артыш: Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 2013, ISBN 9787537413695
- ↑ https://www.nytimes.com/2006/12/11/arts/11iht-web.1211newell.3855748.html