Хризоберилл - татаал кычкылдар классчасынын минералы, ВеА1204.

Ромб системасында кристаллдашат. Өңү сары же саргыч-жашыл. Курамында хром кездешсе кызгылткөк жана жашыл түстө болуп, александрит деп аталат. Цимофан (мышык көз) жана александрит - асыл таштар. Айнектей жалтырак. Катуулугу 8,5; тыгыздыгы 3,8 г/сж'. Негизинен пегматит тарамында кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4