Ботев Христо (6. 1. 1849-1. 6. 1876) - болгар акыны, революционер-демократы, публициста.

1863-65-ж. Одессадагы гимназияда окуп, ал жерге айдалып келген Польшадагы көтөрү-лүштүн (1863) катышуучулары менен жакындашат; орус революциялык демок-раттарынын идеялары менен таанышат; болгар улуттук-боштондук кыймылына катыша баштайт. Ботевдин акындык чыгармачылыгы ушул жылдарда башталат. Ал "Гайдуктар" поэмасы, "Элегия", "Күрөш", "Хажи Димитр" ж. б. ырлары, ондогон публицистикалык жана сыя макалалары менен таанышат. Ботев - болгар адабий сынына негиз салгандардын бири. Анын эстетиканын айрым маселелери, адабият менен искусствонун коомдук ролу жөнүндө айткандары болгар алтында реализмдин бекемделишине өбөлгө түзгөн.

Ботев Париж Коммунасын жактап, 1-Интернационалдын ишин кубаттаган, К. Маркстын эмгектери менен тааныш болгон. Түрктөрдүн эзүүсүнө каршы көтөрүлүшчүлөр отря-дын уюштуруп (1876), Бол тоосунда түрк аскерлери менен салгылашууда курман болгон. Ботев- болгар элинин улуттук баатыры.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.