Хроматтар — хром к-тасы Н2СrO4 туздары. Кеңири алганда хроматтарга изополихром кислоталары туздары да кирет. Хромат же монохроматтар сары же саргыч-күрөң түсгө болушат да, дээрлик бардык элементтер менен туз пайда кылышат, бирок алардын ичинен көбүрөөк белгилүүлөрү щелочтуу металлдардын хроматтары. Кристаллдык торчодогу хромат ион СrО2-4 тетраэдрдик башка иондор менен изоморфтуу орун алмаша алат. Алсак: SО42-, SeО42-, МnО42-. Эритмеге к-та кошуп, чөйрөнүн кычкылдуулугун көбөйтсө, дихроматтар кызыл-күрөн түстө пайда болот, чөйрөнүн кычкылдуулугу андан ары көбөйгөн сайын кызыл түстөгү трихроматтар (Сr3,O102- ) жана тетрахроматтар (Сr4О132-) алынат. Лабораториялык практикада К2СrO4 менен К2Сr2О7, ал эми техникада Nа2СrO4 менен Na2Сr2О, көп колдонулат. Натрий хроматтары эритмеден шартына жараша 19,52° Na2СrO4 .10Н2О р = 1,483, 26,6° Nа2СrО4-6Н2О, андан жогору 62,8 Nа2СrО4.4Н2О, андан жогору суусуз туз пайда болот. Суусуз Nа2CrO4 сары ромбикалык кристаллдар; тыгызд. 2,72, балкып эрүү 1700оС, Nа2SО4 менен изоморфтуу, DН°98 = 2317,6 ккал/моль. N2СrO4 пигмент даярдоодо, боёодо, окистендиргич катарында жана сүрөт ишинде, колдонулат. Натрий бихроматы кадимки шартта Nа2Сr2О7.2Н2О кызыл-күрөң моноклиндик кристаллдар: тыгызд. 2,525 г/см3, балкып эрүү 1356о. Ашаткылар, пигменттер даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү