Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү, хромосомалык абберациялар

Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү, хромосомалык абберациялар - хромосоманын түзүлүшүн өзгөртүүчү мутациянын тиби. Көбүнчө ички себептердин натыйжасында, өз алдынча, о.эле мутагендердин таасири астында да пайда болот. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү бир хромосоманын ичиндеги кайра түзүлүүлөр - делецияларга, дефишенсилерге - хромосоманын учтарынын кыскарышы, дупликацияларга, инверсияларга жана гомол. эмес хромосомалардын бөлүктөрү менен алмашуулары негизин түзүүчү транслокацияларга - башкача атйканда хромосома аралык кайра түзүлүүлөргө бөлүнүшөт. Гомол. эмес хромосомалардын кошулушу (центромералардын аймагында эки акроцентрик хромосомалардын кошулушунан бир метацентрик хромосоманын пайда болушу - робертсондук деп аталуучу транслокациялар), бир хромосомадан эки центромералары бар гомол. эмес хромосомалардын пайда болушу (центромеранын аймагында мета - же субметацентрик хромосомалардын бөлүнүүлөрүнүн натыйжасында алынган жана бирдей ийинге ээ - изохромосомалар) жана кадимки "таяк түрүндөгү" хромосомалардан шакек хромосомаларынын пайда болушу хромосомалардын кайрадан түзүлүшүнүн өзгөчө типтерине кирет. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү организмдин морфол. белгилеринин өзгөрүшүнө алып келет, Мисалы, дрозофилаларда бир мутанттык фенотип (мисалы, көзүнүн торчолорунун санынын азайышы) Х - хромосоманын бөлүгүнүн дупликациясы, ал эми экинчи мутанттык фенотип (Мисалы, канаттарындагы оюк) ушул эле хромосоманын участогунун жетишсиздиги менен шартталган, тиричиликке жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт, кээде организмди өлүмгө (хромосомалардын кайрадан түзүлүшүндө келип чыккан гомозиготалар көбүнчө жашоого жөндөмсүз) алып келет. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү эволюция процессинде (хромосомалардын бөлүктөрүндөгү инверсияларга жана дупликацияларга, робертсондук транслокацияларга абдан маани берилет) белгилүү роль ойнойт. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү ар түрдүү максатта генетикалык анализдерде (Мисалы, делециялар - кадимки гендердин мутанттык аллелдерин картага түшүрүү үчүн) колдонулат. Өстүрүлгөн клеткаларда, изилденип жаткан фактордун таасири астында хромосомалардын кайрадан түзүлүшүнүн жыштыгын анализдөө, анын мутагендүүлүгүн бат баалоого мүмкүндүк берет. Изилдөөлөрдүн генетикалык ыкмалары кездешсе да, эреже катары, хромосомалардын кайрадан түзүлүшүн цитол. ыкмалар аркылуу аныкташат жана анализдешет.

Хромосомалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү