Хронометр

сыноочу лабораториянын аттестатына ээ, өтө так жүрүүчү жана алып жүрмө саат

Хронометр (хроно... жана ...метр) - сыноочу лабораториянын аттестатына ээ, өтө так жүрүүчү жана алып жүрмө саат.

Хронометрдин конструкциясында чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуучу жана жүргүзгүч пружинанын күчүн бир калыпта кармап турма жөндөгүч түзүлүштөр бар. Хронометр убакытты, мисалы, баштапкы меридиандын убакытын сактоого арналган. Бул убакыт навигацияда, геодезияда жана географиялык узундукту аныктоодо керек. Алгачкы деңиз Хронометри 16-17-к. навигация жана деңизде сүзүүнүн өнүгүшүнө байланыштуу пайда болгон. Биринчилерден болуп М. В. Ломоносов маятниктүү Хронометрди деңиз шарты үчүн жараксыз деп, Хронометрге баланс жөндөгүчтү колдонууну сунуш кылган. Биринчи деңиз Хронометрин англис механиги Ж. Х'оррисон түзгөн. Кийин улам жакшыртылып, 20-кылымдын 70жылдары ири (деңиз Хронометри) жана майда өлчөмдөгү (кол Хронометри), электрон-механикалык жана электрон-кварц Хронометрлери колдонула баштады. Кварц Хронометринин схемасы кварц саатынын схемасындай эле.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.