Хуа Мулан

Кытайлардын легендасына айланган жоокер кыз

Хуа Мулан (кыт. улут. 花木蘭, жең. 花木兰, пиньинь: Huā Mùlán) — Кытайлардын легендасына айланган жоокер кыз. Анын тарыхта болгону же ойлонуп табылган кейипкер экени ушул күнгө чейин талаш. Кантсе да эр жүрөк кыздын баяны дүйнө жүзүндө кичинекейлердин сүйүктүү каарманына айланган. Жоокердин жалгыз кызы болуп чоңойгон Хуа Мулан оорукчан атасынын ордуна согушка жөнөп кетет. Ошол учурларда кытайлар көчмөн уруулар менен тез-тез согушуп турушкан. Ошол кездеги аскер тартибине ылайык, аскерлердин арасында аялзаты бар болсо башы алынат деген мыйзам бар болгон. Кыз экенин жашырып, өзүн жоокер жигиттей алып жүргөн Хуа Мулан согуш талаасында болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтөт. Аскердик тактикасы менен оозго алынып, генералдык чинге жетет.

Хуа Мулан
кыт. улут. 花木蘭, пиньинь: Huā Mùlán
Ишмердүүлүк тармагы:

Жоокер, Генерал (12-жылдык согуштан кийин).