Хулио Хосе Иглесиас де ла Куэва (испанча: Julio José Iglesias de la Cueva; 1943-жылы 23-сентябрь) - Хулио Иглесиас (испанча: Julio Iglesias, айтылышы: [ˈxuljo iˈɣlesjas]) аты менен таанымал болгон испаниялык ырчы жана ыр жазуучу.

1983-жылы ал дүйнө жүзүнүн бир канча тилинде ырлары менен даңкталып 2013-жылы тарыхта эң көп сатуулары болгон латиноамерикалык ырчысы болгон. Иглесиас дүйнө жүзү боюнча финансылык жактан эң ийгиликтүү европалык ырчысы жана музыка тарыхында эң көп сатуулары болгон 10 ырчыларды тизмесине кирип дүйнө жүзү боюнча 350 миллиондон ашык 14 тилде үн жаздырууларды саткан. Болжол менен, Иглесиас чыгармачылык иши убагында беш континенттин 60 миллиондон ашкан угармандарына 5000ден ашык концерт берген. 2013-жылдын апрелинде Бейжинде Иглесиас Кытайдын "Эң таанымал эл аралык артисти" наамга татыган. Бразилияда, Францияда, Румнияда, Италияда жана башка өлкөлөрдө Иглесиас эң ийгиликтүү чет элдик үн жаздырууларды сатуучу болгон, ошол эле учурда Иглесиас эң көп өз жеринде, Испанияда 23 миллиондук үн жазууларын саткан.

Чыгармачылыгында Иглесиас көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: "Грэмми" сыйлыгы, "Латиноамерикалык Грэмми", Дүйнөлүк музыкалык сыйлыгы, Billboard музыкалык сыйлыгы, American Music Award сыйлыгы жана Lo Nuestro сыйлыгы. Иглесияс Франциянын Ардактуу легиондук орденине жана Испаниянын искусствосуна салым кошкону үчүн алтын медалга ээ болгон. 1989-жылы Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду Иглесиасты искусство аткаруучусунун атайын элчиси деп тандаган. 1985-жылдан тартып Голливуд атак-даңк аллеясында Иглесиаствын жылдызы пайда болгон. 2013-жылдын апрелинде ал латиноамерикалык композиторлордун атак-даңк музейине кошулган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү