Ху Цзинь Тао (21. 12. 1942-ж. т„ Кытай, Аньхой провинциясы, Цзиси уезди, Чжиши к.) - КЭРдин мамлекеттик жана партиялык ишмери. Кытай КП БКнын мүчөсү (1982), анын секретариатынын жана Саясий бюросунун туруктуу к-тинин мүчөсү (1992).

  • КЭРдин төрагасы (2003-13), Кытай КП БКнын Генералдык секретары (2002-12), Кытай КП БК Аскер советинин төрагасы (200412), КЭРдин Борбордук аскер советинин төрагасы (2005-13).
  • Пекиндеги Цинхуа университетин (1964), анын аспирантурасын (1965) бүтүргөн.
  • 1964жылдан Кытай Коммунисттик партиясынын мүчөсү.
  • 1965-68-ж. илимий-изилдөө иштери менен алектенген.
  • 1969-74-ж. электр энергетика жана суу чарба министрлигинин инженердик башкармалыгында бөлүм техниги жана секретары, партиялык бөлүмдүн секретарынын орун басары,
  • 1974-82-ж. Ганьсу провинциясынын Курулуш к-тинде бөлүм башчынын, төраганын орун басары,
  • 1982-84-ж. Бүткүл кытайлык жаштар федерациясынын төрагасы жана Кытай Коммунисттик жаштар союзу (ККЖС) БКсынын секретариатынын мүчөсү,
  • 1984-85-ж. ККЖС БКнын 1-секретары.
  • 1985-88-ж. Гуйчжоу провинциясында парткомдун, провинциялык Аскер советинде парткомдун 1-секретары,
  • 1988-92-ж. Тибет автономиялык аймактык партиялык к-тинин секретары.
Ху Цзиньтао

Тибет аскер округунун партиялык мектептин ректору, КЭРдин төрагасынын орун басары (1998-2003) болуп иштеген. Янцзы з-нын жогорку жагындагы эки ГЭСтин курулушуна (1970-74) катышкан.

Коомдук тармакта Кытай КПнын салттуу саясатын сактап калган жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Ал Тайвандын «сепаратисттик күчтөрүнө» чечкиндүү каршы туруп, Тайванды Кытайга бириктирүүнү тынчтык жол менен ишке ашырууну көздөгөн; 2005-ж. 14-мартта КЭРде «Мамлекетти бөлүп жарылууларга каршы аракеттер жөнүндө мыйзамды» күчүнө киргизген. Өлкөнүн ичинде өз саясий базасын чыңдоо үчүн жер-жерлерге өзүнө ишенимдүү такшалган кызматкерлерин дайындаган.

ККПнын 11-чакырылышынын 30 жылдыгына арналган 3-пленумда адамзаттын саясий маданиятынын жемиштерин сөзсүз кабыл алуу керектигин белгилеп, ошол эле учурда батыштын саясий системасынын моделин көчүрмөлөөнүн зарылдыгы жоктугун баса белгилеген.

Ал башкарган учурда Кытайда ички дүң продуктынын көлөмү 5,8 триллион долларга өсүп, дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунга чыккан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4