Юлий Цезарь

Цезарь Гай Юлий‎»‎ барагынан багытталды)

Гай Юлий Цезарь (б. з. ч. 12 (13). 7. 102, (100), Рим - б. з. ч. 15. 3. 44, ошол эле жер) - байыркы римдик мамлекеттик жана саясий ишмер, диктатор, кол башчы. Ак сөөк үй-бүлөдөн.

Юлий Цезарь.

Цезарь демократиялык кыймылдын жол башчылары Гай Марий жана Цинна менен тууган болгондуктан, Сулланын тушунда Римден Кичи Азияга кетүүгө аргасыз болгон. Сулла өлгөндөн (78) кийин Римге кайтып, саясий күрөшкө активдүү катышат да 73-ж. аскер трибуну, 59-ж. консул болуп шайланат. Ал Помпей жана анын союздаштарынын аскерин Илерда (49), Фарсал (48), Тапс (46), Мундо (45) жанында талкалагандан кийин Римде бүткүл бийликти колуна алып, монархка айланганы менен башкаруунун респ. формасын сактаган. Бирок Цезардын монархтык умтулууларын республикачыл маанайдагы ак сөөктөрдүн, ал түгүл мурдагы тарапкерлеринин айрымдарынын каршылыгына учурап, Г. Кассий менен М. Ю. Брут башкарган төңкөрүшчүлөр (80ден ашуун адам) тарабынан сенаттын отурумунда өлтүрүлгөн. Цезардын аскердик темага арналган «Галл согушу жөнүндө запискалар», «Жарандык согуш жөнүндө запискалар» деген чыгармалары биздин күндөргө чейин жетти.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4