Цезура
Цезура (лат. – жаруу, кесүү) – ыр жолдорундагы сөздөрдү ажыратуу, паузанын бир түбү. Кичине Цезурада ыр саптарындагы сөздөр бири-биринен ажыратылып турса, чоң Цезурада ыр жолу таптакыр экиге бөлүнөт. Мисалы,
Кайда жүрбөйт // эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек // ата-эненин көз жашы.
Эгер “кел” деп, // Ата Мекен чакырса,
“Аманбыдан” // “кош” деп айткан сөз жакшы!
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004