Башбаракты ачуу

Целлюлоза (латын тилинен Cellula — клетка), клетчатка — өсүмдүк клеткасынын кабыгынын негизги бөлүгүн түзгөн ири мол. массалуу табигый полиуглевод. Ал өсүм-дүк тканына мех. бекем жана ийилгич касиет берет. Айрыкча булалуу өсүмдүктөр-дө көп, мисалы, пахта буласында 97-98%, кендир, зыгыр буласында 80-90%, жыгачка 40-50% жана башка Ц. макромолекуласы (С6Н10О5) элементардык звенолорунан түзүлүп, жалпы формуласы (С6Н3О8)n болот. Полимерленүү даражасы ар түрдүү буланыкы түрдүүчө болот, мисалы, вискоза буласынын Ц. 300-500, пахта буласыныкы 10-14 миңге жетет. Ц. жаратылышта таза түрдө кездешпейт. Аны табигый материалдан бөлүп алуу ыкмалары алынуучу материалга жараша болот. Химиялык ыкма менен Ц. иштетүү андан алынган буюмдар касиетине күчтүү таасирин тийгизет. Ц. актүстөгү, булалуу материал, тыгызд. 1,52-1,54 г/см3 (20oС). Ал жез гидроксиди аммиактагы эритмесинде, фосфор жана азот к-тасынын конц. эритмесинде жана башка эрийт. Сууда, щелочтун суюлтулган эритмесинде эрибейт. Ц. молекуласында гидроксил тобу болгондуктан ал этерификация жана алкилдөө реакциясына оңой кирет. Бул реакциялар ө. ж-нда Ц. жөнөкөй жана татаал эфирлерин алууда кеңири колдонулат. Ц. щелочтуу металлдар гидроксиди конц., эритмеси менен иштеткенде, алкоголяттар пайда болот. Ц. макромол-сынын звенолор ортосундагы гликозид байланышы кислоталар таасиринен оңой гидролизденет да, глюкоза пайда болот. Бул реакциянын негизинде ө. ж-нда этил спирти алынат. Жыгач Ц. кагаз, картон даярдоодо колдонулат. Ц. эфирлеринен жасалма була, плёнка, лак, пластмасса жана башка алынат. Табигый жана жасалма булалар текстиль ө. ж-нда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттарОңдоо