Центризм (лат. centrum – борбор). Центризм түшүнүгү Улуу Француз буржуазиялык революциясынын убагындагы өкүлчүлүк орган -парламентти үч чоң фракцияга бөлүүнүн классикалык европа салтына таандык. Алар өкүм сүргөн бийликке жана анын саясатына карата мамилесине жараша бөлүнгөн: оңчул, борбор, солчул. Борбор бирде солчул (радикалдык), бирде оңчул (консервативдик) партиялардын катарына өткөн, ортозаар саясатты жүргүзүүгө умтулган бийликти билгизген. Макулдашуучулуктан, бул саясаттын принциптүүлүгүнөн «саз» деп атап коюшкан. ХХ к. Центризм(борбордук) идеалык-саясий агым катары жетектөөчү орундардын бирин ээлеген. Мамлекеттик деңгээлде бул тенденция саясий күчтөрдүн шайлоонун натыйжасында саясий бийликке ээ болгон жана башкаруучу партия менен бирдикте каолициялык саясатты жүргүзгөн саясий партиялардын айланасына топтолуусу менен мүнөздөлөт.
Партиялык деңгээлде бул мыйзам ченемдүүлүк өзүлөрүнүн программаларынын айланасына болушунча көп калкты бириктирүүгө умтулган центристтик уюмдардын түзүлүүсүндө байкалат. Буга Финляндиядагы борбордук партиясы мисал боло алат. Ц. мелүүн социалдык топтордун идеологиясынын жана саясатынын көрүнүшү катары түрдүү коомдук-саясий кыймылдарда аныи ичинде жумушчу, социал-демократтык (каутскиандык) кыймылдарда ишке ашкан. Центристтик саясат – аны жүргүзүүдө чоң тажрыйбалуулукту жана чебердикти талап кылган саясий ишмердүүлүктүн татаал түрү.

Колдонулган адабият түзөтүү

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б