Центрифуга (лат Centrum – түйүн борбор жана fugo – качуу, чуркоо) – бир тектүү эмес суюк системаларды (суюк жана коюу) бири биринен борбордон четтөөчү күчтүн жардамы менен бөлүүчү аспап. Ц. ачык жана жабык, кол менен айлантуучу, механикалык күч жана электр тогу менен иштөөчүлөр болуп бөлүнүшөт. Электр тогу менен иштөөчү центрифуга өтө тыкандык менен мамиле кыла турган кымбат баалуу аспап. Аны пайдаланууда карама-каршы турган патрондогу пробиркаларда эритмелер бирдей теңдештикте болушуна көңүл буруу керек. Капкагын жапкандан кийин гана Ц. ток булагына кошуу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү