Цеолиттер (грек тилинен zeo — кайнайм, lithos — таш ысытканда көөп чыгышынан ушундайча аталат) — курамында суусу бар, кальций жана натрий синтет. алюмисиликаты. Ц. кристалл торчосунун көн-дөй, бош көзөнөкчөлөрүнүн өлчөмдөрү бирдей жана сиңирилүүчү заттар мол-ларынын өлчөмдөрүнө барабар же кичине келет. Ар түрдүү өлчөмдөгү молекулалар Ц. адсорбияланышы —сиңирилиши заттар электен өткөзгөн сыяктуу болгондуктан, Ц. молекулалык элек деп аташат. Жаратылыш жана нефть газдарын кургатуу, тазалоо, углеводороду ар түрдүү фракцияларга ажыратууда колдонулат. Изопарафиндер, ароматтык углеводороддон па-рафин углеводородун бөлүп алуу ар-кылуу бензин октандык санын көбөйтөт. Крекинг процессинде катализатор катары колдонсо да болот. 600°С чейин ысытууда туруктуу болгондуктан, сиңирүүнү — адсорбцияны ар түрдүү темп-рада жана басымда жүргүзүүгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү