Цефеиддер - жаркырактыгы акырындык менен мезгилдүү өзгөргөн үзгүлтүктүү өзгөрмө жылдыздар.

Булар ак же саргыч жылдыздар, аты Цефей топ жылдызынын дельтасынан (б) келип чыккан. Аны 1784-ж. англ. астроном Жон Гудрайк ачкан. Бул жылдыздуу асмандан оңой табылат. Ц-дин жарк этиши мезгилдүү өзгөрүп турат. Ал ар бир беш күн 8 саатта кайталанат. Спектрдик байкоолордо нур ылдамдыгы менен спектрдик классы өзгөрүлүп тураары байкалат. Жылдыздын түсү да өзгөрүп турат. Цефеиддер эки топко бөлүнөт. Мезгили 1 суткадан кичирээк болгон кыска мезгилдүү Цефеиддер өтө ысык жана мезгилдери эки суткадан чоңураак классикалык Цефеиддер муздак болот. Классикалык Цефеиддердин мезгилдери чоңойгон сайын жылдыздын жарык чыгаруучулугу ошончолук жогору болот. Жарык Цефеиддер Ааламдын шам чырагындай алыстан көрүнүп турат. Цефеиддер - жарыгы күчтүү зор жылдыздар. Жарыгы Күн жарыгынан ондогон миң эсе чоң. Цефеиддер Биздин Галактиканын өлчөмүн жана формасын өлчөөгө жардам берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4