Цех (нем. zeche - иш бөлмө) - өнөр жай ишканасынын негизги өндүрүш бөлүмү.

Жалпы өндүрүш процессине катышып, продукция чыгаруу, башкы өндүрүштү же бүт ишкананы техникалык же чарбачылык жактан тейлөө боюнча белгилүү иш аткарат.

Багытына жараша Цех негизги (өндүрүш), жардамчы, тейлөөчү, көмөкчү жана кошумча болуп бөлүнөт. Негизги Цех ишканада продукция чыгаруу процессин ишке ашырат; Жардамчы Цех негизги Цехти же бүт ишкананы техника, энергия менен камсыз кылып, ремонт жумушун аткарат; Тейлөөчү Цех бардык чарбачылык иштерди аткарып, негизги Цехти жана бүт заводду техникалык жактан тейлейт: сырьё, материал, отун, чала фабрикат, даяр продукция ж. б-ды кабыл алат, сактайт, берет жана ташыйт;

Көмөкчү Цех негизги өндүрүштө продукция чыгарууга зарыл (идиш, челек, үкөк, ящик ж. б.) нерсе белендейт. Кошумча Цех өндүрүш таштандысынан кошумча продукция чыгарат. Ишканадагы Цехтин курамы өнөр жай тармагына, продукциянын түрүнө, өндүрүштүн масштабы менен тибине жараша ар түрдүү болот. Ири Цех участка, линия жана бөлүмдөн турат. Айрым чакан ишканада Цех түзүлбөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4