Цзыбо, Чжандянь - Түндүк Кытайдагы шаар, Шаньдун провинциясында.

Калкы 2,7 млн (2010). Ири жол тоому жана өнөр жай борбору. Көмүр казып алат. Кытай фарфору менен даңкталган беш шаардын бири. Металлургия, машина куруу, нефть ажыратуу, нефть-химиялык (синтетикалык каучук, назик химия ж. б.), текстиль, фармацевтика, курулуш материал ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт.

Маалымат жана биомед. технологиялар жаатында жогорку технология тармактары (электроника, жаңы материал түзуү), информатика өнүгүүдө. ЖОЖ, фарфор музейи, 2 театр, тарыхый-маданий эстеликтер ж. б. бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4