Цзян Цзэминь (17. 8. 1926-ж. т„ Цзянсу провинциясы, Янчжоу - 30. 11. 2022) - партиялык жана мамлекеттик ишмер, Кытай КП БКнын генералдык секретары (1989-2002), КЭРдин төрагасы (1993-2003), Кытай КП БКнын Аскер кеңешинин төрагасы (1990-2005).

1947-ж. Шанхай университетин бүтүргөн соң, машина куруу министрлиги системасында инженердин жардамчысы, инженер, директордун 1-орун басары, парткомдун секретары, илимий-изилдөө институтунда директор, 198081-ж. импорт жана экспорт иштери, инвестиция боюнча мамлекеттик к-ттин жооптуу катчысы жана төраганын орун басары, 1981-85-ж. электр өнөр жай министринин 1-орун басары, министри, 1985-89-ж. Шанхай шаарынын мэри болуп иштеген. Цзян Цзэминьдин бийлиги Кытайдагы Тяньаньмэнь аянтындагы окуяларда (1989) саяеий эркиндик жөнүндө демонстранттардын талаптарын колдогон. Саясатта Дэн Сяопиндин реформасын уланткан. Цзяндин тушунда Кытай Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Коммунисттик партиянын катарындагы консерваторлордун каршылыктарына карабастан, өзүнүн «Үч өкүлчүлүк» деген теориясын иштеп чыгып, дыйкандардын жана жумушчулардын саясий укугун интеллигенцияга теңеген жана жеке ишкерлерди партиянын катарына кабыл алууга жол ачкан. 2002-ж. бийликти Ху Цзиньтаого өткөрүп берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4