Циклон (гр. Kyklon - тегеренүүчү, айлануучу) - куюн мүнөздүү ири масштабдагы (диаметри жүздөгөн юиден 1 нече миң кмте чейин) атмосфераралык кыймыл.

Циклон.

Жердин өз огунда айлануусуна байланыштуу Кориолис күчүнөн пайда болот. Аба басымы Циклондун борборунда эн төмөн, андан чет-жакасын көздөй жогорулайт, б. а. горизонталдык басым градиенти Циклондун сыртынан ичин карай багытталат. Жакшы өөрчүгөн Циклондун борборундагы аба басымы деңиз деңгээлинде 950960 мбарга (1 бар = 105 н/м2) чейин төмөндөйт. «Куюндун» айлануу багыты Түндүк жарым шарда саат жебесинин айлануу багытына каршы, Түштүк жарым шарда саат жебесинин айлануу багытына дал келет. Андан сырткары, жер бетинен бир нече 100 м бийиктикке чейинки аба катмарында шамал Циклондун борборун көздөй согот. Анын ылдамдыгы айрым мезгилде 20-30 м/секдан ашат жана бийиктеген сайын анын күчү азаят. Тропиктен тышкаркы жана тропиктик Циклонго бөлүнөт. Тропиктен тышкаркы Циклон уюлдук жана мелүүн кендиктерде пайда болуп, ири масштабды камтышы менен айырмаланат. Бул Циклондун ичинен түндүк жарым шардын мелүүн кеңдигинин түштүк чегинде пайда болуп, түндүккө же түндүк-чыгышты көздөй жылган түштүк Циклондору (Жер ортолук дениз, Балкан, Кара деңиз, Түштүк Каспий ж. б.) өзгөчөлөнүп турат. Алардын энергия запасы өтө жогору келип, КМШнын ортонку тилкесине жаан-чачын, күчтүү шамал, күн күркүрөөсү ж. б. аба ырайынын кубулуштарын алып келет. Тропиктик Циклон тропиктик кеңдиктерде пайда болуп, жогоркуга салыштырмалуу масштабынын кичинелиги (диаметри жүздөгөн кледен миңдеген кмте чейин), бар градиентинин жана шамалдын ылдамдыгынын жогорулугу менен айырмаланып турат. Алардын айрымдарында «куюн көзү» деп аталып, диаметри 20-30 кмге жеткен ачык жана шамалсыз аба ырайылуу борбордук облусу болот. Тропиктик Циклон өзүнүн өөрчүүсүндө тропиктен тышкаркы Циклонго айланышы ыктымал. 8-10° түндүк жана 8-10° түштүк кеңдиктердин аралыгында Циклон өтө сейрек байкалат. Анын ичинен, экваторго жакын эч пайда болбойт. Абанын куюн түрүндө кыймылдашынан Циклонго Жердин ар кайсы кеңдиктеринен ар түрдүү температурадагы аба массалары келет. Ошондуктан Циклондун ар кайсы секторунда абанын температурасы ар түрдүүчө. Циклондун өөрчүү стадиясына жана андагы температуранын таралышына жараша Циклондун изобаралары бийиктеген сайын туюк формасын жоготот.

Кыймылдагы Циклон атмосферарада негизинен батыштан чыгышты карай жылат; анын орточо ылдамд. 30-50 м/сек. Циклон кандайдыр бир район аркылуу өткөндө андагы абанын басымы, температура, нымдуулук, булуттуулук, жаанчачын кескин өзгөрөт. Кыймылдагы Циклон тропосферанын мурда пайда болгон башка фронтторунда өөрчүйт. Туруксуз фронттук толкундар күчөп, Циклондук куюнга айланат. Циклон фронту бойлой жылып, чыгыш бөлүгүндөгү жылуу аба жогорку, батыш бөлүгүндөгү муздак абанын төмөнкү кеңдиктерге жылышына (агышына) шарт түзөт. Циклондун түштүк бөлүгүнүн төмөнкү катмарларында жылуу жана муздак фронттор менен чектелген жылуу сектор түзүлөт. Муздак жана жылуу фронттор бириккенде муздак аба жылуу абаны жер бетинен жогору сүрүп, жылуу сектор жоюлат да, Циклондо абанын температурасы бирдей болот. Циклондогу энергия запасы (кинетикалык энергияга айлануучу) түгөнөт да, Циклон басылат же башка Циклон менен биригип кетет. Циклон менен бир убакта борборунда аба басымы жогору болгон антициклон пайда болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4